Меню

A A
АЙКӨЛДҮК - КЫРГЫЗДЫН НЕГИЗГИ БААЛУУЛУГУ

АЙКӨЛДҮК - КЫРГЫЗДЫН НЕГИЗГИ БААЛУУЛУГУ



Эртең, 17-сентябрда Улуттук илимдер академиясында II эл аралык руханий
«АЙКӨЛДҮК – ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК ӨНҮГҮҮНҮН ЗАМАНБАП МОДЕЛИ» форуму БИРИМДИК ЖАНА ТЫНЧТЫК урааны алдында өткөрүлөт.

Максаты: «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолун турмушка ашыруу максатында илим, билим, руханияттын түптүү эрежелерине таянып, улуттук баалуулуктар менен жалпы адамзаттык мурастарды айкалыштыруу аркылуу айкөлдүктүн негизинде туруктуу өнүгүүгө салым кошуу.
Зарылчылыгы: Адамзат XXI кылымда геосаясий чыңалуу, ресурстар үчүн күрөшүү, экологиялык көйгөйлөр, социалдык теңсиздик, руханий боштук жана технологиялык секирик сыяктуу олуттуу өзгөрүүлөргө жана чакырыктарга туш болууда. Бул жагдай дүйнөнүн өнүгүү багытын кайра карап, мамлекеттер менен элдердин ортосунда ишенимди, тилектештикти, жоопкерчиликти бекемдей турган жаңы гуманисттик моделди түптөө муктаждыгын жаратты.
Кыргыз элинин миң жылдык тарыхый тажрыйбасында калыптанган «айкөлдүк идеясы» — кең пейилдик, адамгерчилик, адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк, боорукерлик, ынтымак жана табият менен шайкеш жашоо этикасынын баалуулуктар жыйындысы. Элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылган башкы улуттук баалуулуктар — жалпы адамзат үчүн маанилүү руханий багыт жана заманбап жашоо модели болуп бере алат. Булардын негизинде адам капиталынын илимий-интеллектуалдык жана руханий-адептик дараметин ойготууга, туруктуу өнүгүүнүн гуманисттик жолдорун издөөгө, элдик дипломатиядагы конструктивдүү диалогду күчөтүүгө салым кошуу зарыл.
Форумдун алкагында идеяларды илимий жана практикалык деңгээлде талкуулоо менен мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, илим, маданият жана дин өкүлдөрүнүн ортосунда диалог аянтчасын түзүү максатка ылайыктуу. Форумдун жыйынтыгында гуманизмди, айкөлдүктү даңазалаган «Айкөлдүк декларациясын» кабыл алуу, анын негизинде билим берүүдө, мамлекеттик башкарууда, маданиятта, социалдык саясатта жана эл аралык кызматташтыкта айкөлдүк принциптерин жайылтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу каралат.