Меню

A A
АЯЛ ОКУМУШТУУЛАР ТАШКЕНТТЕ ЖОЛУГУШТУ

АЯЛ ОКУМУШТУУЛАР ТАШКЕНТТЕ ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 27-ноябрында Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аял-окумуштууларынын биринчи SheScience форуму болуп өттү. Форумдун негизги жыйынтыгы катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимий-инновациялык экосистемаларын интеграциялоо, аял-окумуштуулардын катышуусун кеңейтүү жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча өнөктөштүктү аныктаган регионалдык документ – Биргелешкен коммюнике кабыл алынды.
«SheScience 2025: илимий-инновациялык экосистемаларды интеграциялоо аркылуу региондук өнүгүүнү илгерилетүү» аттуу форумга Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикаларынын 60тан ашык окумуштуу аялдары катышты.
Биргелешкен коммюнике келечектеги өз ара аракеттенүүнүн беш негизги багытын аныктап, региондун жалпы чакырыктарына натыйжалуу жооп бере ала турган туруктуу илимий экосистемаларды түзүүнү көздөйт. Бул документ жыл сайын регионалдык форумду кезектешип өткөрүүнүн негизин түзөт.
Катышуучулар экологиялык тобокелчиликтер, санариптик трансформация жана жасалма интеллектти киргизүү сыяктуу глобалдык чакырыктар шартында системалуу кызматташтыктын зарылдыгын баса белгилешти.
Форумдун ачылышында жана жыйынтык документти талкуулоо учурунда Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенти Шахло Турдикулова мындай деди: «Бүгүн биз Борбор Азия регионунун илимий интеграциясынын жаңы форматын түзүп жатабыз. Ал ишенимге, тилектештикке жана илимдин келечегин региондун өнүгүүсүнө багыттоо боюнча жалпы умтулууга негизделет. «SheScience» форуму аял-окумуштуулар билимдери менен бөлүшүп гана тим болбостон, жаңы изилдөө багыттарын, консорциумдарды жана демилгелерди түзгөн аянтчага айланууда. Биздин Биргелешкен коммюнике – бул ниеттер декларациясы эмес, чогуу ишке ашыра турган өзгөрүүлөрдүн практикалык жол картасы.»
Окумуштуулар региондук кызматташтыктын келечегин көрсөтүүчү изилдөөлөрдү, долбоорлорду жана улуттук тажрыйбаларды сунушташты. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын өкүлү Зууракан Каденова «Жасалма интеллект – келечектеги илимдин ачкычы» аттуу баяндамасында биргелешкен дата-платформаларды түзүү, жасалма интеллект боюнча адистерди даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана тармактар аралык изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Бул чаралар санариптик чечимдерди тезирээк киргизүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимий атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Форум Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы тарабынан Дүйнөлүк Илимдер академиясы (TWAS), Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн аялдары үчүн илим уюму (OWSD), Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктө уюштурулду. Эл аралык өнөктөштөр CAREC (Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгы), Европа Биримдигинин Horizon Europe илим жана инновация боюнча рамкалык программасы, Erasmus+ академиялык мобилдүүлүк программасы жана эл аралык илимий каржылоо инструменттерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты.

Сүрөттөр