Меню

A A
АВТОТРАНСПОРТ ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!

АВТОТРАНСПОРТ ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына кечээ 26 автотранспорт каражаты берилип, чоң кубанычка бөлөндү. Алар илимий институттарга жана президиумга бөлүндү. Бул боюнча айрым академиктердин оюн ортого салалы.

Алтай Бөрүбаев, академик:
- Улуттук илимдер академиясына көнүл буруп, ремонтун жасатып, автомашиналарды берип жатканы үчүн Президентибиз Садыр Жапаровго чоң ыраазычылык билдирем. Ар бир институттун директору машиналуу болуп жатабыз. Бул биздин компандировкаларга, обьектилерге, ЖОЖдорго барганыбызга чоң жардам берет. Болбосо такси менен барчубуз. Муну эми институттун директорлору эле эмес, илимий кызматкерлер да пайдаланат. Бизди сыйлагандарына абдан ыраазы болуп жатабыз!
Абдылдажан Акматалиев, академик:
- Академиянын тарыхында биринчи жолу 26 машина берилип жатат. Булар илимий изилдөө иштерин жакшыртууга, экспедицияларга, командировкаларга, меймандарды тосуп алууга жакшы жардам берет. Бизде конференциялар өтө көп болот. Биз Казакстанга, Өзбекстанга барганда институттарынын машиналарын көрүп, ичибиз күйчү. Бизде да болсо дечүбүз. Жасап жаткан ишибизди пропагандалоо үчүн облустарда, райондордо жолугушууларды өткөрөбүз. Эми автомашиналар ишибизди кыйла жеңилдетет.
Сыртбай Мусаев, академик:
- Машиналардын берилиши жакшы болду. Негизги кеп – академияга мамиленин өзгөрүшүндө болуп жатат. Аскар Акаев республикадан кеткенден кийин академияга бака маңдап, жылан жыттабай калган абалга келгенбиз. Туура эмес сөздөр айтылып, “академиктер жыргап акча алып эле отурушат, алар эмне иш кылышты, эмне ачылыш жасашты? -деп илим, академия эмне экенин түшүнбөгөн базарчылардын сөзү коомго желдей тарап кеткен. Кийинки Президенттер академияны жоебуз дешкен. Бакиевдин тушунда коомдук илимдер кылабыз дегендер болгон. Академия өзү ыйык мекеме. Улуттун интеллектуалдык өнүгүүсүнө кам көргөн адамдар иштейт. Академия каралбай калган 30 жылдын ичинде кызматкерлер тарап кеткен жок, кайра сактап калышты. Атамбаев да академияны жоюп, аялына университет кылып берем деп, атайын комиссия түзүп, жоебуз деп калышкан. Садыр Жапаров Президент болгондо эле академияга келип, баары менен учурашып, жакшы ойлорун айтып кеткен. Жалпысынан беш жолу келди. Бүгүн академия Президентке караган конституциялык мекеме болуп калды. Башкаларын айтпаганда да мамлекеттик салтты калыптандыра турган, элге түшүндүрө турган коомдук илимдер экенин түшүндү. Президент академияга болгон мамилени өзгөрттү. 50 жылда болбогон ремонтту 500 млн сомго жасатты. Азыр кыздын баласындай жаркырайт.
Эми машиналардын берилиши – академиянын эмгегин, салымын баалагандык деп эсептейбиз. Кеп машинада эмес, кеп Президенттин мамилесинде болуп жатат. Ачкычтарын тапшырууга Министрлер Кабинетинин төрагасы келмек, жумушу чыгып калып, орун басары Эдил Байсалов келип, өзү тапшырды. Мага “Тыныстановдой, Юнусалиевдей иштеп бериңиз, эмне керек болсо айтыңыз, аткарабыз” деп жакшынакай жылуу сөздөрүн сүйлөдү. Илимпоздорго ушундай жылуу сөз керек. Эми алган машинабыз кут болсун, ак жолтой, майлуу-сүттүү болуп, алдынан шамал үйлөп турсун. Президентке рахмат!

Сүрөттөр