Меню
АВТОМАШИНАЛУУ БОЛДУК
Бүгүн Улуттук илимдер академиясында кубанычтуу кабар. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун буйругу менен КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына 26 автомашина берилди. Бул Илимдер академиясынын 73 жылдык тарыхында мурда болуп көрбөгөн чоң саамалык. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Илим, жогорку билим жана инновация министри Гульзат Исаматова, бардык окумуштуулар, институттун директорлору катышты.
“Урматтуу илимпоз окумуштуулар, эл сыймыктары! Бүгүнкү иш-чара — бул жөн гана автотранспорт каражаттарын тапшыруу эмес. Бул мамлекеттин илимге болгон мамилесинин айкын белгиси. Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү илимдин сапатына, илимий чечимдердин практикалык жактан иш жүзүнө ашырылышына, илимий мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжалуу пайдаланылышына түздөн-түз байланыштуу.
Автомобиль каражаттарына суусап турган илимий институттардын муктаждыгын канааттандыруу – иштин бир гана чети деп эсептейм. Сиздерге берилип жаткан 26 автомашина жалаң жакшы ийгиликтерге жетелесин.
Эми, сатып алынган автомашиналардын баасын айтпай коюуга болбойт. Жалпы суммасы 44,8 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүндү. Алдыда конкреттүү чоң милдеттер турат. Бул милдеттер кабинетте эмес, талаада, экспедицияларда, аймактарда жүргүзүлгөн реалдуу илимий иштер аркылуу чечилет. Андыктан, бүгүн берилген автотранспорт каражаттары — илимпоздордун мобилдүүлүгүн жогорулатуу, аймактардагы илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү жана мамлекеттик илимий тапшырмаларды өз убагында аткаруу үчүн түзүлгөн шарт болуп саналат. Министрлер Кабинети илимди өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги фактору катары карайт.
Сиздерди жаңы алган автомашинаңар менен куттуктайбыз!”, - деген Эдил Байсалов машиналардын ачкычтарын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматовго тапшырды.
Андан соң Канатбек Абдрахматов сөз сүйлөп, археологиялык, геологиялык, сейсмологиялык жана талаа иштерин жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинети атайын транспортторду тапшырып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.
Келген меймандар автомашиналардын төрт турүн кыдырып көрүштү.