Меню

A A
АТА МУРАСЫ - АРХИВ

АТА МУРАСЫ - АРХИВ

Өткөн тарыхка тиешелүү эмгектер, кол жазмалар, илимдер академиясынын, академиктердин, корреспондент-мүчөлөрдүн документтерин сактоо, системалаштыруу менен алектенген өзгөчө уюмубуз - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын архиви иштейт.
Ал 1940-жылы СССР Илимдер академиясынын филиалы болуп түптөлүп, кийин 1954-жылы өз алдынча имаратка ээ болгондон берки негизги документтерди сактап келатат. Улуттук илимдер академиясы өзүнүн архиви менен сыймыктанат. Анда 1940-жылдан берки 5 миңден ашык документтер – илимий институттун фонддору, президиумдун фонддору жана айрым академиктердин жеке фонддору бар. Алар 7 сактоочу бөлмөдө сакталып турат.
Биз архивге барып, илим жолунда жүргөн жаш илимпоздор архивден илимий эмгектерди, кайсы бир академиктердин илимий эмгектеринин тизмесин, уникалдуу кол жазмаларды издешээрин билдик.
Союз кезинде гүлдөгөн Илимдер академиясында кандай гана атактуу адамдар иштеген. СССРдин филиалы болуп турганда К.Скрябинден башталган, кийин өзүнчө академия болгондо И.Ахунбаевден берки жетекчилердин, академиктердин, дегеле академиянын түптөлүү тарыхын ичине камтыган бул архив бай тарыхы менен айырмаланат.
Биз архивде уникалдуу тарыхты кармап, иреттеп отурган кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Сүрөттөр