Меню
АШУУДАН БЕРГЕН ОТЧЕТ
Жыл соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу УИАнын илимий институттары өздөрүнүн жылдык отчетторун тапшырып жатышат. Кечээ Тил илими институту, Философия, Тарых жана этнология, Мамлекет жана укук институттары отчетторун беришти. Бүгүн Адабият институтунун жылдык отчет тапшыруу жыйналышы болду.
“Бизге мамлекет акча бөлбөсө деле жүздөгөн китептерди – Манас, Ч.Айтматов, фольклор, адабий сын, кыргыз тилинин актуалдуу маселелери, адабий ишмердүүлүк боюнча жана көптөгөн башка китептерди орусча, кыргызча кылып демөөрчүлөрдүн аркасы менен чыгарып келатабыз. Анонимдер, антонимдер сөздүктөрүн, кыргыз этнографиясы боюнча түшүндүрмө сөздүктөрдү чыгардык. Дагестанда “Манастын изи” деген долбоорубуз башталды. Бир топ акын жазуучулардын чыгармаларына илимий изилдөөлөр жүргүзүлдү. Ч.Айтматовдун 12 томдук китебин чыгардык. Ага баш сөздү КР Президенти С.Жапаров жазып берди. Менин эмгектерим англис, кытай тилдеринде жарык көрдү. Ч.Айтматовдун чыгармалары 180 тилде жарык көрдү дегенибиз менен качан, кайда экенин иликтеп, изилдеп жатабыз, ал иштин 70%ы бүтүп калды. Байланышыбыз өтө көп болду: Америка, Грузия, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Дагестан, Россия, Кытай мамлекеттериндеги илимий мекемелер менен келишимдерди түздүк. Түркияда Айтматов институту ачылды”, - деди дагы көптөгөн маселелерди ортого салган Адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев.
Жыйналышка КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, КР Илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев, УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Мамлекет жана укук институтунун директорунун м.а. Жумабек Джаилов катышып, жалпысынан оң баасын беришти, үйрөнө тургандары да бар экенин айтышты.
Отчеттук жыйналышта Адабият институтунун эмгек жамааты толук курамда катышты.