Меню
АМЕРИКАНЫН БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ СУНДУ
Бүгүн 26-майда Улуттук илимдер академиясына Американын Башкаруу академиясынын (АОМ) каржы директору Марко Вукосавович, САР программасынын глобалдык менеджери Ирина Бёрнс, Кыргызстан боюнча коомчулук менен байланыш адиси Айдай Касмалиева Кара келишти.
Алар Улуттук илимдер академиясы менен кызматташуу ниети бар экендигин билдирип, Башкаруу академиясы 1936-жылдан бери иштеп, 110 өлкөнүн 22 миңден ашык мүчөсү бар экенин, дүйнөнүн бардык илимпоздору менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
АОМ ассоциациясы менеджмент тармагындагы изилдөөлөрдүн, окутуунун жана практиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн так жана актуалдуу билимдерди алмашууга негизделген уюм. АОМ кесиптик өнүгүү, кызматташуу жана алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жайылтуу үчүн глобалдык платформаларды сунуштап келет.
Менеджмент тармагындагы теорияны, эмпирикалык натыйжаларды, мамлекеттик саясатка жана билим берүүгө тийгизген таасирин терең түшүнүүгө көмөктөшүү максатында АОМ Академиясы илимий тогуз журнал чыгарат. Дүйнөнү кыдырып, илимий журналдарга эмгектерди чыгарууга, илимий жаатта кызматташууга кол сунган америкалык бул адистер Кыргызстанга биринчи жолу келишкен.
“КР Улуттук илимдер академиясына жаңы команда келип, жаңыдан ишти баштадык. Биз илим жаатында тажрыйба алмашуу, сиздердин дүйнөлүк илимий журналдарга илимпоздорубуздун макалаларын чыгаруу үчүн академиянын атынан кызматташууга даярбыз”, - деди КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
Жолугушууга катышкан УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, УИАнын башкы илимий катчысы Айнура Адиева да суроолорду беришип, тажрыйба алмашуу, мындан аркы кызматташуу үчүн маалыматтарды алышуу, алдыда меморандумга кол коюу керектигин билдиришти.