Меню

A A
АЛП ДАРАК!

АЛП ДАРАК!

Секвойя улуттук паркы — “Алптардын жери” деп аталган аймакта, Калифорниядагы Висейлия шаарынан чыгышта, Сьерра-Невада тоолорунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Дал ушул жерде, деңиз деңгээлинен 500дөн 2700 метрге чейинки бийиктикте, дүйнөдөгү жападан жалгыз жерде гигант секвойялар өсөт. Бул алп дарактар катуу сууктан, бороон-чапкындан жана чагылгандан коркпойт. Алар укмуштай чоң жана күчтүү болушат. Айрым секвойялардын бийиктиги 115 метрден ашат (болжол менен 38 кабаттуу имараттай).
Секвойялар — эң байыркы дарактар, кээ биринин жашы 3000 жылга жетет. Алар ушунчалык күчтүү болгондуктан, ар кандай табигый кырсыктардан аман калышат. Дарактын жыгачы менен кабыгы дубиль заттарга жана башка коргоочу элементтерге бай, булар аны чирүүдөн жана курт-кумурскалардан сактайт. Ал тургай калың кабыгы отко күйбөйт. Төмөнкү деңгээлдеги токойдогу өрттөр секвойяга кайра пайдалуу: алар атаандаш өсүмдүктөрдү жок кылат, тобурчактарынын ачылышына жардам берет жана жаш көчөттөргө күн нуру менен азыктуу күлдү камсыз кылат. Чагылган чоң даракка тийсе да, аны жок кыла албайт.
Ошентип, бул гиганттар кылымдан кылымга жашап, өскөн сайын чоңоюп турушат.