Меню

A A
      АЛМАТЫДАГЫ БОТАНИКА ЖАНА ФИТОИНТРОДУКЦИЯ ИНСТИТУ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

АЛМАТЫДАГЫ БОТАНИКА ЖАНА ФИТОИНТРОДУКЦИЯ ИНСТИТУ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

2025-жылдын 29-сентябрында КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун директору Мелис Чакибаев баштаган топ Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин «Ботаника жана фитоинтродукция институту» республикалык мамлекеттик ишканасына иш сапары менен барды.
Иш сапар ботаника, фитоинтродукция жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы илимий кызматташтыктын алкагында өттү. Кеңешме Алматыдагы Ботаникалык бактын башчысы, биология илимдеринин доктору Гүлнара Ситпаева менен жолугушту. Тараптар биргелешкен изилдөө, генофонд алмашуу, кадрларды даярдоо жана колдонмо долбоорлорду ишке ашыруу багыттарын белгилешти.
Ушул эле күнү делегация «Бел Ко» декоративдик өсүмдүктөрдүн питомнигине барып, ал жерде интродукция жана селекция жаатындагы биргелешкен программаларга, питомникти өнөктөштөрдүн катарына киргизүү боюнча макулдашууга жетишти. Келечекте кызматташтыкты тереңдетүү үчүн коллекциялык отургузуу материалдары менен тажрыйба алмашуу болуп өттү.
Иш сапар тараптардын Борбордук Азия боюнча туруктуу илимий кызматташтыкты өнүктүрүү кызыгуусун жаратты.

Сүрөттөр