Меню

A A
АЛА-ТООДОЙ АК КАЛПАК ТҮБӨЛҮК ТУРСУН!

АЛА-ТООДОЙ АК КАЛПАК ТҮБӨЛҮК ТУРСУН!

Бүгүнкү 5-март ак калпак жана улуттук кийим күнүңүздөр менен жалпы баарыңыздарды куттуктайм!
Ак калпак кылымдардан бери мурас катары келаткан ар намыстын, улуулуктун символу. Ак калпак – кыргыз улутунун маданияты жана дүйнө таанымы. Анын ар бир түсү, ар бир оюусу чечмеленип, философиялык ойлорду түшүндүрөт.
Улуу кыргыз элинин башындагы ак калпагы жөн гана баш кийим эмес, адамдын жаш курагына, статусуна карай бөлүнүп, улуу ойлорду камтып келген.
Андыктан, Ала-Тоого окшош, Ала-Тоодой бийик, таза ак калпагыбызды башыбыздан түшүрбөй кийип жүрөлү. Ар дайым жергебизде жакшылыктар болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов