Меню

A A
АКМАТАЛИЕВДИН 70 ЖЫЛДЫГЫ

АКМАТАЛИЕВДИН 70 ЖЫЛДЫГЫ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында филология илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, “Манас” орденинин II жана III даражаларынын, “Данакер” жана Казакстан Республикасынын “Достук” ордендеринин, КМШнын “Звезды содружества” жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктардын лауреаты, түрк дүйнөсүнүн бир катар сыйлыктарынын ээси Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык юбилейине арналган “Манастан Айтматовго карай: гуманитардык илимдердин учурдагы актуалдуу проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
101 илимдин кандидатын, докторун, профессорун тарбиялаган устат, 1001 макала жазган илимпоз, 1001 китеп чыгарган окумуштуу жана жетекчи, чыгармачылык-илимий жолунда 74 китеп жана 17 ыр жыйнагы жарык көргөн автор академик Абдылдажан Акматалиев Кыргызстан гана эмес дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекетинде белгилүү илимий жана коомдук ишмер катары таанылган.
Конференцияда академик А. Акматалиевдин илимий изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү ар тараптан талданып, ааламдашуу шартында адабият таануу, философия, фольклористика, түркология, искусство таануу жана тил илими тармактарындагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланып, секцияга бөлүнгөн илимий конференциялар болуп өттү. Конференция “Манас” эпосу, элдик оозеки чыгармачылык мурас, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу маселелерине арналды.
Илимий жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан, Түркия, Кытай мамлекеттеринин окумуштуулары катышты.
Конференциянын алкагында 1001 китептин көргөзмөсү, окумуштуунун баскан жолун чагылдырган фото экспозиция, докладдар окулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлдү.
Конференцияга коомдук жана мамлекеттик ишмерлер М.Шеримкулов, Ал.Жумагулов, Ж.Түмөнбаева, КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Николя Фай, Өзбекстандын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Казакстан, Кытай эл республикаларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешчилери, академиктер, жалпы интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Кечинде 17 китептин автору, акын катары А.Акматалиевдин поэзия кечеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда улантылып, жалпы интеллигенция өкүлдөрүнүн, адабиятчылардын жарпы жазылды.

Сүрөттөр