Меню
АКМАТАЛИЕВ БАСКАН ЖОЛ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институту, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
Улуттук илимдер академиясынын Чоң жыйындар залында 2026-жылдын 3-апрелинде саат 10.00 академик, филология илимдеринин доктору, профессор, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, “Манас” орденинин II жана III даражаларынын, “Данакер” жана Казак Республикасынын “Достук” ордендеринин, КМШнын “Звезды содружества” жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, чет элдик бир катар сыйлыктардын ээси Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык юбилейине арналган “Манастан Айтматовго карай: гуманитардык илимдердин учурдагы актуалдуу проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 3-апрелде саат 18.00 адабий кече өтөт.
101 илимдин кандидатын, докторун, профессорун тарбиялаган устат, 1001 макала жазган илимпоз, 1001 китепти жетектеген жана чыгарган окумуштуу, чыгармачылык-илимий жолунда 74 китеби жана 17 ыр жыйнагы жарык көргөн академик Абдылдажан Акматалиев Кыргызстан гана эмес дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекетинде белгилүү илимий жана коомдук ишмер.
70 жылдык мааракеге карата уюштурулган конференциянын максаты: академик А. Акматалиевдин илимий изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн ар тараптуу талдоо, ааламдашуу шартында адабият таануу, философия, фольклористика, түркология, искусствотаануу жана тил илими тармактарындагы актуалдуу проблемаларды талкуулоо.
Конференция “Манас” эпосу, элдик оозеки чыгармачылык мурас, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу, тил илими жана маданий мурасты изилдөөгө академик А.Акматалиевдин кошкон салымы; искусство таануу жана маданият таануунун синтези; А.Акматалиевдин илимий-уюштуруучулук ишмердиги, жетекчилик тажрыйбасы жана илимий мектеби атуу багыттарды камтыйт.
Илимий жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан, Түркия, Кытай ж.б. мамлекеттеринин окумуштуулары катышат.
Конференциянын алкагында 1001 китептин көргөзмөсү, окумуштуунун баскан жолун чагылдырган фото экспозиция, даректүү тасма көрсөтүлөт.
Конференциянын ишине КР Мамлекеттик катчысы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, коомдук ишмерлер, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан, Түркия, Венгрия, Франция, Кытайдын дипломатиялык өкүлдөрү, окумуштуулар, Жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамдары жана студенттер катышат.
Иш-чара Улуттук илимдер академиясынын чоң залында, Чүй 265а дарегинде саат 10.00 башталат.
Сурап-билүү үчүн e-mail: aitmatov.taanuu@gmail.com +996708283594