Меню

A A
АКМАТАЛИЕВ ААЛАМЫ

АКМАТАЛИЕВ ААЛАМЫ

Абдылдажан Акматалиевди бүт кыргыз эли жана казак, өзбек, түрк, азербайжан, орус интеллигенттери жакшы тааныйт. “Өрнөктүу адамдын өмүрү” деген аталыштагы Абдылдажан Акматалиев жөнүндө ой-пикирлер топтоштурулган китепти окуп бүткөндөн кийин ушул ойго келдим. Топту жакшы тээп, айылга барган Мелис деген футболчунун атынан Мелис аталып калгандан берки 70 жылдык өмүрүндө бир да күндү текке кетирген эмес экен. Чыңгыз Айтматовдун ишенимдүу адамы катары 27 жыл чыгармачылык алакада жүрүшү эле кандай сыймык.
“Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп, ал жөнүндө илимий макалаларды, монографияларды, эмгектерди жасады. Азыр чоң адабият изилдөөчү. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – илимий, коомдук иштерге демилгечи боло алгандыгында”. (Сүйүнбай Эралиев, кыргыз эл жазуучусу). “Ал жеке өзү 16 илимдин докторун жана 64 кандидатын даярдап чыгарды. Анын окуучулары Кыргызстанда жана андан сырткары өлкөлөрдө иштеп жатышат. Ага Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн 15тей ЖОЖдору ардактуу профессор наамын беришкен. Ал жасаган докладдар 70тен ашык өлкөлөрдө угулган”. (В.Шаповалов, филология илимдеринин доктору, профессор). “А.Акматалиев өз эмгектери аркылуу КМШ, түрк, дүйнөлүк адабияттарды жакшы билген адабиятчы гана эмес, чыгармаларды кылдат талдай билген сынчы, тарыхчы. Ал эл аралык Калифорния академиясынын академиги (АКШ), лингвистикалык коомдун академиги (Түркия), Соко-Гаккай университетинин ардактуу доктору (Жапония) жана “Манас” орденинин ээси” (Советбек Байгазиев, ф.и.д., профессор). “Мен Мелисти билимдүүнүн билимдүүсү, мыктынын мыктысы деген орустун баары сыйынган Лихачевго теңейт элем” (Дооронбек Садырбаев). “В лице А.Акматалиева академическая наука приобретает очень серьезного, деятельного ученого и активного организатора исследовательских работ. Необходимо учесть акматалиевский интеллектуальный имидж, достойно проявившийся в последние годы на многочисленных международных конференциях и симпозиумах, чему в ряде случаев я сам свидетель. Вместе с тем, не маловажно отметить и оценить исключительную работоспособность Акматалиева А., благодаря чему центр Манасоведения и художественной культуры НАН КР сохранил и поднял свою научную активность и дееспособность в труднейшие кризисные дни, присущие нынешней эпохе” (Чынгыз Айтматов). “Улуттук маданий чөйрөдө Абдылдажан сыяктуу терең ойчул, тынбаган эмгекчил, таза пейил инсандарыбызды биз тагдырдын буйругу деп сыймыктанып баалашыбыз керек” (Чыңгыз Айтматов).
Айта берсе, алың келбей турган саптарды мисал кыла берсе болот. Китепке 43 илимпоздун ой-пикирлери киргизилген. Башка илимпоздорду кошсо, мындай дагы 5-6 китеп чыкса керек. Академик А.Акматалиевдин демилгеси, түзүүчүлүгү менен Ч.Айтматовдун 5, 8, 10 томдуктары кыргыз тилинде, 8, 10 томдуктары орус тилинде чыккан. Ч.Айтматогв жөнүндө жазылган макалалар жыйнагынын кыргыз тилинде 3 томдугу, орус тилинде 5 томдугу жарык көргөн. Улуу жазуучунун өзүнө, чыгармаларына, каармандарына арналган ырлар жыйнагын түзүү ишин колго алып, Ч.Айтматовдун 60, 80, 90 жылдыгына карата китептерди чыгарган. Жазуучунун 60, 70, 80, 85, 90 жылдыгын белгилөөдө А.Акматалиев демилгечи, уюштуруучу болгон. Азыр да Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө белсенип жүргөн чагы.
60тан ашуун илимий эмгек, 1000ден ашуун макала жазып, 1000ден ашуун эл аралык, республикалык конференцияларды уюштуруп, “Манас”, “Залкар акындар”, “Ч.Айтматов”, “Окурмандын китеп текчеси”, “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер”, М.Кашгаринин 3 томдугу, Ж.Баласагындын “Кут алчу билиминин” 3 томдугу сыяктуу 1000ден ашык эмгектерди даярдап, китеп кылып чыгаруунун жетекчиси, уюштуруучусу болгон.
Акматалиевдей шакирти бар үчүн Айтматов да бактылуу болгон экен. Манастан Айтматовго чейинки көркөм адабий мурасты изилдеп, өз шакирттери менен эбегейсиз эмгек өтөп келаткан Абдылдажан Акматалиевдин баскан жолу бараандуу экенин китепти окуган окурман түшүнөт. Бар болуңуз агай!