Меню

A A
АКАДЕМИЯЛЫК СЕМИНАРГА ЧАКЫРАБЫЗ!

АКАДЕМИЯЛЫК СЕМИНАРГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы 2026-жылдын 12-октябрында заманбап илимий изилдөөлөрдө жасалма интеллектти колдонууга арналган академиялык семинар өткөрөт.

Семинардын темасы:
«Beyond Classical Paradigms: Proactive AI-Driven Holistic Data Analysis in Scientific Research»
«Классикалык парадигмалардан тышкары: илимий изилдөөлөрдө жасалма интеллекттин негизинде маалыматтарды проактивдүү жана холистикалык талдоо»
Спикер:
Dr. Fuat Kocyigit (PhD) — жасалма интеллект, машиналык окутуу жана илимий изилдөөлөрдө маалыматтарды заманбап талдоо ыкмалары боюнча изилдөөчү жана адис.
Дата: 12-октябрь 2026-жыл
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кичи жыйындар залы.
Семинардын жүрүшүндө илимий маалыматтарды жасалма интеллект жана машиналык окутуу ыкмаларын колдонуу менен талдоо, салттуу статистикалык ыкмалардын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү, Bayesian Networks, динамикалык талдоо, көп өлчөмдүү маалыматтардагы жашыруун мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктоо маселелери каралат.
Ошондой эле семинардын практикалык бөлүгүндө Google Colab жана ачык Python инструменттерин колдонуу менен маалыматтарды талдоонун практикалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.
Семинарга аспиранттар, докторанттар, илимий кызматкерлер, окутуучулар жана ар түрдүү илимий багыттар боюнча изилдөөчүлөр чакырылат.
Бардык кызыкдар адистерди семинарга катышууга чакырабыз!