Меню

A A
АКАДЕМИЯДА ВЕНГРИЯЛЫК ГЕОГРАФТЫН СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛАТ

АКАДЕМИЯДА ВЕНГРИЯЛЫК ГЕОГРАФТЫН СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛАТ


Бүгүн 28-сентябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында президент Б.Дженбаев Венгриянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букаи жана Сегед университетинин профессору Петер Силашини кабыл алды.
Жолугушууда КР Улуттук илимдер академиясында Тянь-Шань аймагын 1906-1909-жылдары изилдеген венгриялык географ Дьюла Принцтин картографиялык материалдары, панорамалык сүрөттөрү жана фотосүрөттөрү коюлган көргөзмөсүн уюштуруу,
Дьюла Принцтин экспедицияларына арналган китепти биргелешип басып чыгаруу маселелери талкууланды.
Андан соң биргелешкен илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу максатында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы менен Венгриянын Илимдер академиясы жана Сегед университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум даярдоо макулдашылды