Меню

A A
АКАДЕМИК АЗИЗ САЛИЕВГЕ – 100 ЖЫЛ

АКАДЕМИК АЗИЗ САЛИЕВГЕ – 100 ЖЫЛ

Азиз Салиев 1925-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тосор капчыгайында туулган.
1940-жылы Фрунзе педагогикалык институтунун даярдоо бөлүмүнө кабыл алынган. 1942-жылы, 17 жашында, фашизмге каршы күрөшүү үчүн фронтко ыктыярдуу кеткен. Термездеги аскердик окуу жайда офицердик курстан өтүп, пулемёт бөлүгүнүн командири катары 2-Украин фронтунун курамында Румынияны, Венгрияны жана Батыш Украинаны бошотуу үчүн салгылашкан. 1943-жылы Будапешт үчүн болгон салгылашууда оор жаракат алып, 9 айлык дарылоодон кийин майыптыгы менен кайтып келген.
1947-жылы Фрунзе педагогикалык институтунан орус тили жана адабияты мугалими адистигин алган. 1948-жылы СССР Илимдер академиясынын Философия институтунун аспирантурасына Москвага жиберилип, көрүнүктүү философ Дмитрий Чесноковдун жетекчилиги астында билим алган. 1951-жылы Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин эки жылдык партиялык мектебинин философия кафедрасынын башчысы болуп дайындалган. И.Раззаковдун сунушу менен 1953-жылы Жазуучулар союзунун төрагасы болуп дайындалып, кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө жаңы багыт берген.
1953-жылы жаңы түзүлгөн Илимдер академиясынын биринчи сессиясында Азиз Салиев корреспондент-мүчө болуп шайланган. 1959-жылдан баштап Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук бөлүмүнүн сектор башчысы, директору, бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Ленин сыйлыгына көрсөтүү идеясын көтөрүп чыккан. Биринчи аракет ийгиликсиз болгон, бирок Салиев бул чечимдин адилетсиздигин далилдеп, макалалар жазып, Айтматовдун чыгармаларынын мыкты экендигин баса белгилеген. Экинчи жолу сунуштап, ийгиликке жетишкен.
Азиз Салиев Тоң айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте дүйнөдөгү алгачкы кеңейтилген музыкалык билим берүү системасын иштеп чыккан. Ар бир сабактын башында Бах, Моцарт, Бетховен, Чайковский, Шостакович жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырып турган. Бул эксперимент окуучулардын ой жүгүртүүсүнө оң таасир берген. Мугалимдердин айтымында, балдардын эс тутуму, көңүл буруусу жакшырган. Бул мектепке Азиз Салиевдин ысымы ыйгарылган.
1968-жылы Философия жана укук институтунун директору болуп дайындалган. 1985-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин чечими менен «Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген. 1993-жылы Илимдер академиясынын академиги болуп шайланып, 1997-жылы вице-президент болгон.
«Ой деген эмне?», «Ой жүгүртүү – система катары», «Акыл-эс жана образдардагы ой жүгүртүү», «Акыл жана убакыт», «Адам дүйнөгө кирет», «Адам психологиясы жана искусство», «Өмүр ырларда» монографияларын жазган. Бир канча мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон.
Азиз Салиев 2012-жылы дүйнөдөн кайткан.
Академик Азиз Абдыкасымович Салиевдин 100 жылдыгына арналган “Кыргыз философиясы илиминдеги Азиз Салиев феномени” аттуу илимий-теориялык конференция КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында 2025-жылдын 13-ноябрында саат 10до башталат.
Келип, катышып кетиңиздер!

Урматтоо менен
академик А.А.Алтмышбаев атындагы философия институту