Меню

A A
АКАДЕМИК АБДЫЛДАЖАН-МЕЛИС АКМАТАЛИЕВ 70 ЖАШТА

АКАДЕМИК АБДЫЛДАЖАН-МЕЛИС АКМАТАЛИЕВ 70 ЖАШТА

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, II жана III даражадагы “Манас”, “Данакер” ордендеринин ээси, Казакстан Республикасынын “Достук” орденинин, Түркмөнстан Республикасынын “Махтумкули” медалынын, СССРдин “Эмгектеги артыкчылыгы” медалынын ээси, КМШнын “Звезды содружества”, КМШнын Парламенттер аралык Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаттары, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, СССР, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан Жазуучулар Союздарынын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, академик, илимди уюштуруучу – директор Акматалиев Абдылдажан-Мелис Амантурович 70 жашка чыгып отурат.
1956-жылы 15-январда туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине кирип, аны 1977-жылы аяктаган. 1977–1978-жылдары Ош педагогикалык институтунда окутуучу, 1978- жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде стажер-изилдөөчү, 1979-жылдан 1992-жылдарга чейин Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кенже, улук, жетектөөчү, башкы илимий кызматкер жана бөлүм башчы кызматтарын аткарган. 1992–1995-жылдары Адабият жана искусство таануу институтунун директору, 1995–2008-жылдары Манастаануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунун директору, 2008–2013-жылдары Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, 2013–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, 2017-жылдан 2024-жылга чейин Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, 2025-жылдан Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун директору болуп эмгектенип келе жатат. 2023-жылдан бери КР УИАнын президентинин коомдук башталгычтагы кеңешчиси.
Академик А.Акматалиев чыгармачылык-илимий жолунда 1001 китеп (көбүнчө демөөрчүлөрдү таап) чыгарып, 1001 макала жазып, 101 шакирт (доктор, профессор) тарбиялаган. Манастаануу, фольклор, профессионалдык адабияттын проблемалары боюнча жеке өзү 75 китеп, монография, 17 ырлар жыйнагын жазган. Эмгектери орус, түрк, англис, испан, кытай, француз, немец, япон, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, каракалпак, корей ж.б. тилдерине которулган. Россияда, Түркияда, Японияда, Кытайда, Францияда, Венгрияда, Швейцарияда, Түркмөнстанда, Каракалпакстанда, Азербайжанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түштүк Кореяда, Татарстанда, Башкыртстанда ж.б. өлкөлөрдө эл аралык конференцияларда көптөгөн баяндамаларды жасаган. Бишкекте 501ден ашуун эл аралык жана республикалык конференция, симпозиумдарды, тегерек столдорду, жолугушууларды уюштурган.
Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына карата академик Акматалиевдин бейнесине арналып, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы тарабынан тартылган “Рух жүзү” аттуу документалдуу тасманын бет ачары болот.
Иш-чара КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында 16-январда саат 14.00до башталат.
Келип, катышсаңыздар болот