Меню
АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ГЕОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНА БАРДЫ
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтуна барып, анын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.
Таанышуу учурунда жетекчиге институттун илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, окумуштуулардын өлкөнүн минералдык-чийки заттык дараметин изилдөөгө жана геология илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу маалыматтар берилди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы институттун китепканасын, музейиндеги уникалдуу экспонаттарды, анын ичинде республика аймагынан табылган динозаврлардын калдыктарын көрүп чыкты, ошондой эле иш бөлмөлөрүн жана лабораторияларын кыдырды.
Институттун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: регионалдык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология тармактарында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев геология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, фундаменталдык жана колдонмо илимди колдоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Ал министрликтер менен заманбап иштеп чыгууларды жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү, көзөмөлүндөгү багыттар боюнча актуалдуу маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында профилдик илимий институттар менен системалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүшү керектигин белгиледи.
Өзгөчө көңүл изилдөө иштерине, илимий кадрларды даярдоого, материалдык-техникалык камсыздоого жана институттун мындан аркы өнүгүү келечегине бурулду.
Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.