Меню
АДАМДЫН ЖАНА ЖАНЫБАРЛАРДЫН ИММУНДУК СИСТЕМАСЫ
Эртең, 16-октябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Тоолуу физиология жана медицина институту «Адамдын жана жаныбарлардын иммундук системасынын физиологиясы: фундаменталдык жана колдонмо аспектилер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Форум биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер К.А. Собуровдун жаркын элесине жана 75 жылдыгына арналат.
Конференцияда үч негизги багыт каралат:
- бийик тоолуу гипоксия шарттарында организмдин адаптацияланышы жана коргонуусу;
- тоолуу шарттарда адамдын жана жаныбарлардын организминдеги негизги системалардын өз ара аракеттенүүсү жана иштеши;
- жогорку окуу жайларында иммунфизиология жана иммунологияны окутуунун актуалдуу маселелери.
Конференциянын темасы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ: өлкө калкынын олуттуу бөлүгү туруктуу кычкылтек жетишсиз болгон бийик тоолуу шарттарда жашайт. Катышуучулар тоолуу аймактарга адам организминин ыңгайлашуусун камсыз кылууда нерв, эндокриндик жана иммундук системалардын өз ара кандай иш алып барарын, тоолуу аймактардын айрым тургундарында адаптация процесси эмне себептен бузулушу мүмкүн экенин жана адамдын адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала кантип баалоого
Конференцияда К.А. Собуровдун элесине арнап иш-чарага туруктуу илимий форум макамын берип, аны «Собуровдук окуулар» деп атоо сунушу айтылат. «Собуровдук окууларды» КР УИАнын Тоолуу физиология жана медицина институтунун базасында жыл сайын же эки жылда бир жолу өткөрүп туруу сунушталууда.
Форум эл аралык конференция форматында өткөрүлүп, анда негизги илимий багыттар боюнча секциялар жана жаш окумуштуулар үчүн өзүнчө секция уюштурулат.
Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган тургундардын ден соолугунун абалы
Түштөн кийин ушундай аталыштагы тегерек стол өтөт. Иш-чарага бийик тоолуу шарттарда жашаган калктын ден соолугунун абалын изилдөөгө, Кыргыз Республикасында физиология жана иммунология илимдерин өнүктүрүүгө кызыкдар илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана адистер катышат.
Тегерек столдун жүрүшүндө ата мекендик физиология илимин өнүктүрүү, иммунологиялык изилдөөлөрдүн келечеги, бийик тоолуу аймактарда жашаган калктын ден соолугун изилдөө ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат. Программа боюнча КР УИАнын Тоолуу физиология жана медицина институтунун алдыңкы адистеринин илимий ишмердүүлүктүн актуалдуу багыттары боюнча баяндамалары бар.