Меню
АДАМ ЖАНА ТООЛОР
Ушундай аталыштагы эки жылда бир өтчү конференция КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында бүгүн башталды. Аны УИАнын Тоо физиологиясы жана медицина институту өткөрүүдө.
Институттун директору Гульнар Жунусова буларга токтолду: “Бул институтту Илимдер академиясынын биринчи президенти, академик Иса Ахунбаев түптөгөн. Ошондон бери 71 жыл өттү. Физиология – дени сак адамдын медицинасы деп айтылат. Кыргызстандын 95%ы тоодон турат. Андыктан өлкөбүздө жашаган ар бир адамдын ден соолугу менен алектене турган биздин институт. Биз методикалык ыкмаларды беребиз. Мээден баштап жүрөктүн кагышы, дем алуу, иммундик системанын баарын карайбыз. Ар кандай изилдөөлөрдү жасайбыз.
Бул конференциянын максаты – тоо шартында жашаган адамдардын ден соолугун чыңдоо үчүн эл аралык аянтча түзүп, илимпоздор өз ойлорун, изилдөөлөрүн ортого салып, тажрыйба алмашабыз, жетишкендиктерин айтып, жыйынтыктарды чыгарабыз, келечекке багыт коебуз. 2022-жылы болгон конференцияга 8-9 мамлекеттен илимпоздор, анын ичинде Түштүк Америкадан да келишкен. Бүгүнкү конференцияга Россия, Белорусия, Казакстан жана Кыргызстандын илимпоздору чогулушту. Жалпы жонунан сырттан келгендерден 35 доклад окулат, онлайн катышып жаткандар бар, өзүбүздүкү менен 60тай доклад болот”.
Эл аралык конференция эки күнгө созулмакчы.