Меню
АЧЫЛЫШТАР, ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары кандай ачылыштарды жасаган? Кандай жетишкендиктери бар? Бул суроо көптөрдү кызыктырып келет. Биз аларды аз-аздан бере баштайбыз.
1991–2002-жылдары Саймалуу-Таш петроглифтери боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул эстелик Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү эң ири петроглифтер жыйнагына кирет. Ал Фергана кырка тоосунун чыгыш капталында жайгашып, 90 000ден ашуун сүрөттөрдү камтыйт. Алар ар кандай тарыхый доорлорго таандык: эң байыркылары биздин заманга чейин III–I миң жылдыкка, ал эми эң акыркылары биздин заманга чейин I–VIII кылымдарга тиешелүү. Сүрөттөр ар түрдүү темаларда болуп, байыркы адамдардын диний ишенимдерин жана дүйнө таанымын чагылдырат.
• Кыргыз ССР Илимдер академиясынын окумуштууларынын катышуусу менен төмөнкү карталар түзүлгөн: Дүйнөнүн тектоникалык картасы, континенттердин докембрий тектоникасы, СССРдин тектоникалык карталары, Азиянын метаморфизм картасы, СССРдин метаморфикалык поястарынын картасы, Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндөгү метаморфикалык фациялардын картасы, Орто Азиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын геологиялык жана тектоникалык карталары, СССРдин геодинамикалык картасы, Кыргыз ССРинин тектоникалык картасы.
• Академик А. Б.Бакиров тарабынан бардык системаларга – физикалык, биологиялык жана социалдык – тиешелүү болгон «Системалардын эки тараптуулугунун үзгүлтүксүз байланышынын мыйзамы» ачылган. Бул мыйзам ааламдын жалпы-фундаменталдык мыйзамдарынын катарына кирет.