Меню

A A
АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ КИТЕПКАНАГА КИТЕПТЕРИН ТАПШЫРДЫ

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ КИТЕПКАНАГА КИТЕПТЕРИН ТАПШЫРДЫ

Академик Абдыганы Эркебаев ашуудан берген отчету катары 70 жылдык байманалуу өмүрүнүн өзү изилдеген учурларын ушу жылы 8 китеп кылып чыгарган экен. Кечээ 10-декабрда аларды атайы келип КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын китепканасына салтанаттуу түрдө тапшырды.
Студент кезимден ушул күнгө чейинки эмгектеримди 8 китеп кылып 70 жылдыгымдын урматына чыгардым. Аларды албетте жаңыладым, кийинки мезгилдегилерди коштум. Бул китептеримди университеттерге, мектептерге таратканбыз. Колдо аз калгандыктан өзүмдүн сүйүктүү академияма тапшырып коеюн деп атайын алып келдим. Китептер Ош окуясы боюнча орус тилинде, Орхон Енисейден тартып ушул күнгө чейинки 2 томдук кыргыз тилинде, Чыңгыз Айтматов жөнүндө, кыргыздар качан пайда болгон, кандай жашаган, келечеги кандай, дегеле тарых кантип жазылыш керек, аны жазууда дүйнөлүк тажрыйба кандай, ошол жөнүндө, анан азыркы акын-жазуучулардын 200дөн ашык чыгармаларын окуп, 92 автордун эмгегине көз жүгүртүп, китеп чыгардым. Китептердин чыгышына жакын адамдарым демөөрчү болушту”, - деди Абдыганы Эркебаев.
“Абдыганы Эркебаев студент кезинде эле лидер болуп, Лениндик стипендия менен окуган, 70-80-жылдарда адабиятта абдан таң калтырган адабий сынчы болуп, эл оозуна алынган легенда болчу. Өтө жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө күрөшчүл болуп келди. Акыйкаттан кайткан жок. Ушул академияда бир жолу белгилүу акын-жазуучулар отурса, Абдыганы Эркебаевич баарынын чыгармаларын сындады. Ошондо Төлөгөн Касымбеков: “карачы бул кара баланы, Алайдан келип алып баарыбызды коркутуп жатканын”, - деди. Илимпоз катары абдан катуу эмгектенип келатат, саясатчы катары да орду чоң. Парламентте эки жолу спикер болду”, - деди академик Осмонакун Ибраимов.
Мындан кийин академик Абдылдажан Акматалиев, философия илимдеринин докторлору Өскөн Козубаев, Калбүбү Сариевалар сүйлөшту. Аягында китепкананын илимий катчысы Замира Чокушева баалуу китептери үчүн Абдыганы Эркебаевге ыраазычылыгын билдирди.

Сүрөттөр