Меню

A A
АБДУХАЛИМ РАИМЖАНОВ ЖАСАГАН ЭМГЕКТЕР

АБДУХАЛИМ РАИМЖАНОВ ЖАСАГАН ЭМГЕКТЕР

Раимжановдун жетекчилиги астында Орто Азияда биринчи жолу 44 адамдын баш сөөгүнө аутотрансплантация жасалган. Дүйнөдө биринчи жолу бийик тоолуу аймакта, Төө-Ашууга Раимжанов тарабынан ӨКМ менен биргеликте стационар ачылып, миңдеген кан аздуулуктан жабыркаган адамдар текшерилип, дарыланып турган. Ал жерге жакын жашагандар эле эмес, 89 ар кайсы Советтер Союзунун шаарларынан, айылдарынан оорулууларкелип көрүнүшкөн. Абдухалим Раимжанов тарабынан 15тен ашык медицина илиминин кандидаттары жана докторлору даярдалган. 350дөн ашык илимий эмгектери, 30дан ашык монографиясы, 35тен ашык окуу-методикалык китептери жарык көргөн. Медицина тармагынан сырткары, коомдук иштерге да аралашып, 1994-жылы Кыргызстанда элдердин Ассамблеясын уюштурууга катышып, төраганын орун басары болгон. Анда иштеген жылдары көптөгөн маданий уюмдар менен кызматташып, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого салым кошкон.

Сүрөттөр