БИОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Директору - биология илимдеринин доктору, профессор Карабекова Джамиля Усенгазиевна
Байланыштар:
📞: +996 559 355 308
📧: ibnaskr@mail.ru
Дареги: 720071, Бишкек ш., Чуй проспекти, 265.
📧: kg.bio.ped@mail.ru
🌐: www. ib.naskr.kg.
Түзүлгөн жылы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту 1943-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын курамында уюшулган, ал республиканын жетектөөчү мекемеси катары СССР Комиссарлар Кеңешинин «СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу жөнүндө» токтому менен түзүлгөн. Филиал, Кыргызстандын окумуштууларын республиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча бириктирди. Ошол мезгилдеги маанилүү стратегиялык милдеттердин бири - заманбап биологияны өнүктүрүү, атап айтканда: Ботаникалык бакты куруу, Чүй өрөөнүндө мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрдү интродукциялоо, флора, өсүмдүктөр, микофлора, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн физиологиясы, топурак, омурткалуулар, канаттуулар, ихтиофауна жана көлмө чарбачылыгы, энтомофауна, Кыргыз ССРинин гельминт фаунасы, жаныбарлардын организмдерин чоң абсолюттук бийиктикке көнүктүрүү физиологиясы жана гельминттердин биохимиясы маселелерин изилдөө болгон.
Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн мезгилинде институт бир нече структуралык кайра өзгөртүүлөргө дуушар болгон. Атап айтканда, СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Кыргыз ССР илимдер академиясына айланышы менен 1954-жылдын 17-августунда Биология институту Ботаника жана Зоология жана паразитология институттары болуп экиге бөлүнгөн. 1964-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз ССР илимдер Академиясында структуралык өзгөрүүлөр болуп, бул бөлүмдөр кайрадан биология институтуна бириктирилген.
1994-жылы Биология институтунун курамына биофармакология жана тоо кыртыш таануу бөлүмдөрү киргенден кийин Биология жана топурак таануу институту болуп өзгөртүлгөн. 1990-жылдардан жана бир нече реформалардан аман өтүп, институт 2018-жылы кайрадан Биология институту деп аталып калган. Ошол эле жылы П.А. Ган атындагы КР УИАнын Токой чарба институту КР УИАнын Биология институту менен бириктирилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун П.А. Ган атындагы токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борборуна айланган.
Негизги изилдөө багыттары:
-Флора жана фаунага мониторинг жүргүзүүнүн илимий негиздери. Сейрек кездешүүчү жана экономикалык жактан маанилүү түрлөрдү жана экосистемаларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу;
- жаратылыш жана техногендик чөйрөнүн учурдагы абалына комплекстүү экологиялык-биогеохимиялык жана радиологиялык баа берүү;
- Кыргызстандын тоо экосистемаларынын микробдук биологиялык ар түрдүүлүгү жана анын биосферанын туруктуу өнүгүүсүндөгү ролу.
Илимий-изилдөө иштери «Климаттын өзгөрүшү жана антропогендик жүктөмдөрдүн көбөйүшү шартында флора жана фаунанын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн мониторинги» аттуу темадагы мамлекеттик долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту (КР УИА ИБ) республикадагы жападан жалгыз илимий жана консультациялык-методикалык борбор болуп саналат, анда түзүлгөндөн берки бардык изилдөөлөр флора жана фаунанын биологиялык ар түрдүүлүгүн изилдөөгө, биогеохимия жана радиоэкологияга, экологиялык микробиологияга, токой чарбасын изилдөөгө жана токой таанууга, токой ресурстарына экология жана экономика жагынан баа берүү, жаратылышты коргоого, курчап турган чөйрөнүн объектилерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча негизги илимий чараларды иштеп чыгууга багытталган.
Институттун базасында Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн компоненттеринин ири коллекциялык фонддору түзүлгөн:
- Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн гербарий фондусу ((FRU). Алгачкы коллекциялар 1869-жылга туура келет (Кыргыз Республикасынын аймагынан түздөн-түз келген уруунун биринчи түрүн 1869-жылы Чатыр-Көлдөн Ф.Остен-Сакендин коллекцияларынын негизинде австриялык орус ботаниги Ф.И.Рупрехт сүрөттөгөн). Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чогултулган татаал түзүлүштүү (гүлдөөчү) өсүмдүктөрдүн 500 000ден ашык гербарий үлгүлөрү бар, алар кыймылга таптакыр дуушар болбошу керек;
- Микологиялык гербарий фонду (микро- жана макромицеттер – козу карындар), 1907-жылдагы үлгүлөр. Жалпысынан фонддо 25 миңден ашык гербарий үлгүлөрү бар, анын ичинен 2100дөн ашык грибок козгогучтарынын түрү бар.
- Энтомологиялык коллекция – курт-кумурскалардын Борбордук Азиядагы эң ири коллекциясы (460 000 сактоо бирдиги), 15 600дөн ашык түрү, алардын төрттөн бирине жакыны жергиликтүү эндемиктер (Кыргыз Республикасынын аймагында гана кездешет).
Биология институтунун биологиялык ар түрдүүлүк коллекциялык фонддору мамлекеттик жана региодор аралык мүнөздөгү маанилүү илимий фонд болуп саналат. Бул коллекциялар мамлекеттик жана дүйнөлүк маанидеги менчик болуп саналат. Институттун коллекциялык зоологиялык жана гербарийдик материалдары Россиянын, Казакстандын, Швейцариянын, Франциянын, Венгриянын, Германиянын, Австриянын, Англиянын жана башка өлкөлөрдүн музей фонддорунда сакталып турат.
Биогеохимиялык жана радиоэкологиялык абалга мониторинг жүргүзүү үчүн ГОСТ ИСО/МЭК 17025-2009 боюнча туруктуу эл аралык аккредитациясы бар лаборатория иштейт.