
КР УИА САЛТТУУ МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ
Деректири: искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Аманова Роза Асановна
Байланыштар:
📞 : +996 (557) 102 070
Дареги: 720048, Бишкек ш., Чүй пр., 265 а
🌐 : smiiib.kg
📧 : ctcanankr@gmail.com
Түзүлгөн жылы:
Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун No15 токтомуна ылайык түзүлгөн. Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун Уставы Кыргыз Республикасынын УИАнын Президиумунун 2024-жылдын 27-мартындагы № 23 токтому менен бекитилген. 29-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу (№ 515-т) чыккан.
Кызматкерлердин саны: 13 адам, анын ичинен: илимий кызматкерлер – 8 адам: илимдин докторлору – 2 адам, илимдин кандидаттары – 3 адам.
Миссиясы: Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жана этностук топторунун салттуу маданияты (улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, этнодизайн, бий ж.б.) жана салттуу музыкалык искусствосу (фольклор, оозеки жана профессионалдык музыка) жаатында фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Негизги изилдөө багыттары:
Кыргыздардын жана дүйнөдөгү этностордун жана элдеринин салттуу маданияты;
Бардык багыттар боюнча искусство;
Фольклор, оозеки жана профессионалдык музыка.
Борбор 2 бөлүмдөн турат:
1. Салттуу маданият бөлүмү. Кафедра башчысы профессор Конкобаев К.К.
2. Фольклор жана салтуу музыкалык искусствосунун тарыхы, теориясы бөлүмүнүн өлүмдүн башчысы Акимжан А.
2024-2025-жылдарда Азербайжан, Венгрия, Казакстан менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлган.