КР УИАНЫН Б.ЖАМГЕРЧИНОВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ, АРХЕОЛОГИЯ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Директору: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Асанканов Абылабек
Байланыш:
📧 : abylabek.asankanov@mail.ru
📞 .: +996 707 693 913
Дареги: Бишкек ш., Чүй пр-си, 265-а,
📞: +996 312 39-19-78
📧: institutistor@mail.ru
Түзүлгөн жылы:
1954-жылдын 20-декабрында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлгөндө өз алдынча Тарых институту анын курамында уюшулган. Бул институт республикадагы тарыхый изилдөөлөрдүн башкы борбору болуп, кыргыз тарыхчыларынын илимий иштерин координациялап турган. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын алгачкы академиктеринин бири көрүнүктүү кыргыз тарыхчысы Бегималы Жамгерчинов болгон. Ал кыргыз тарых илиминин өнүгүшүндө жаңы этапты ачкан. Бул этап очерктерден жана жалпы баяндамалардан Кыргызстандын тарыхындагы ири окуяларды автор тарабынан жеткиликтүү болгон булактар чогултулуп, илимий айлампага киргизүү жагы кылдат анализдөөгө багытталган терең изилдөөгө өтүү болгон. Анын илимий ишмердүүлүгү республика тарыхындагы өз алдынча маселелерди кеңири изилдөө доорунун башталышы болгон. Кийинчерээк Тарых, археология жана этнология институтуна айланган Институтка анын ысымы ыйгарылган.
2008-жылы КР УИАнын кезектеги түзүмдүк кайра уюштурулуусунан соң институт « Тарых жана маданий мурастар институту» деп аталган (2008-жылдын 14-июлундагы КР УИАнын Президиумунун “Тарых институтунун базасында Тарых жана маданий мурастар институтун түзүү” боюнча №04-13 буйругунун негизинде).2018-жылдын сентябрь айында мекеменин мамлекеттик кайра катталуусуна жана академик Б.Жамгерчиновдун ысымын түбөлүккө калтыруу чечимине байланыштуу институт азыркы аталышын алган (КР УИАнын Президиумунун №67 токтому, 2018-жылдын 14-сентябры ).Институт, өлкөнүн тарых багыты боюнча алдыңкы илимий мекемеси катары, өзүнүн түзүлгөн күнүнөн тартып Кыргызстандын тарыхын байыркы доорлордон азыркы учурга чейин камтыган негизги маселелерди терең изилдөө менен алектенип келет.
Изилдөөлөрдүн негизги багыттары: Кыргызстандын тарыхый-маданий өнүгүшү: байыркы доордон азыркы учурга чейин:
- 1924-жылдан азыркы күнгө чейинки Кыргыз мамлекеттүүлүгү: калыптануу жана өнүгүү баскычтары
- Кыргыздардын көчмөн мамлекеттүүлүгү: жалпы мүнөздөмөлөрү жана өзгөчөлүктөрү
- Чарбалык, социалдык-маданий салттуулук жана учурдагы жараяндар, Кыргызстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен мамилеси: учурдагы абалы жана келечеги
- Байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстан маданияты: көчмөн жана отурукташкан коомдордун калыптанышы, өз ара байланышы жана өнүгүшү Кыргызстандын Улуу Жибек жолундагы тарыхый-маданий мурасы: эстеликтерди документтештирүү, сактоо жана таанытуу
- «Кыргыз жараны» концепциясынын алкагында Кыргызстандагы дунгандардын азыркы мезгилдеги иденттүүлүк маселелери.
Институт тарабынан илимий журнал – «Тарых, археология жана этнология» жарык көрөт (квартал сайын чыгат, көлөмү – 16 басма табак), жаңы илимий макалалар үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Азыркы учурда бул журналды Россия Илимий макалалардын индекстелген тизмесине (РИНЦ) киргизүү боюнча документтер даярдалууда.
Институт «Көөнө тарых сырлары» программасын ишке ашырууга активдүү катышууда: Кузнечная чебиндеги археологиялык казуулар жүргүзүлүп, тарыхый-маданий мурас объекттеринде (кургандарды) сактоо жана куткаруу максатындагы изилдөөлөр өткөрүлдү. 2021-жылдан бери “Чоң Алтай: түрк мурасы” аттуу Эл аралык этнографиялык экспедициясы улантылып келет.