КР УИАНЫН М.М. АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ГЕОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Директордун м.а.: г.-м.и.к. Бакиров Айзек Асанбекович
Байланыш маалыматтары:
📞 /Факс: +996-312-664-737
📧 : ig@geol.kg
Дареги: 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 30.
🌐 : http://geol.kg
Түзүлгөн жылы:
Кыргызстанда геология илиминин өнүгүшүнүн расмий башталышы 1943-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын курамында Геология институтунун уюштурулушу болуп саналат. 1943-жылдын январында СССР Эл Комиссарлар Совети СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алган, ошол эле жылдын 13-августунда Фрунзе шаарында анын салтанаттуу ачылышы болгон.
Алгачкы жылдары институтта тектоника, стратиграфия жана петрография боюнча үч сектор иштеп, анда 17 кызматкер, негизинен Ленинграддан эвакуацияланган тажрыйбалуу илимий кызматкерлер эмгектенишкен. Алардын арасында В. А. Николаев, А. П. Вологдин, Н. М. Синицын, А. П. Марковский, С. С. Шульц, В. Н. Огнев, О. И. Некрасова ж.б. белгилүү окумуштуулар болгон.
Согуштан кийинки мезгилде пайдалуу кендердин көп түрлөрү боюнча издөө-чалгындоо иштери күчөп, буга байланыштуу жаңы секторлор уюштурулган: рудалуу пайдалуу кендери (В. М. Попов, В. Т. Сургай, А. М. Минжилкиев, З. Е. Бурыхина), рудалуу эмес пайдалуу кендери (В. Н. Щербина, А. Х. Ибрагимов), гидрогеология (П. Г. Григоренко), тоо-кен иши (П. С. Данчев). Лабораториялар да пайда болду: минералогия (С. Д. Туровский), геофизика (В. Л. Шашкин, М. М. Адышев, Е. Е. Щелков, П. И. Чалов) жана инженердик геология (А. Г. Раздольский). Ошондой эле институттун курамында география (С. У. Умурзаков, Д. И. Исаев) жана сейсмология (В. П. Грин, К. Ж. Жанузаков, Б. И. Ильясов) бөлүмдөрү өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүшкөн.
1979-жылы Геология институтуна, республикада Жер жөнүндө илимдер багытындагы алгачкы илимий мекеменин калыптанышына олуттуу салым кошкон академик М. М. Адышевдин ысымы ыйгарылган, ал 20 жылдан ашык институтту жетектеп келген. Институтта 2 академик, 5 илимдин доктору, 14 илимдин кандидаты, 5 PhD, 30 илимий кызматкер эмгектенет. Бардыгы болуп – 68 кызматкер.
Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары төмөнкү тармактардагы фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр болуп саналат:
- регионалдык геология,
- пайдалуу кендер,
- физикалык география,
- геоэкология жана инженердик геология.
Илимий лабораториялар жана бөлүмдөр:
- Тектоника жана стратиграфия лабораториясы
- Метаморфикалык формациялар лабораториясы
- Металлогения жана руда пайда болуу лабораториясы
- Инженердик жана экологиялык геология лабораториясы
- География бөлүмү
- Аналитикалык, физика-химиялык жана технологиялык изилдөөлөр бөлүмү