Меню

A A
СУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ

СУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ

Директор: т.и.к. Сатылканов Рысбек Абылаевич
Байланыш:
📞: +996 550 992 911
📧 :r.satylkanov@gmail.com
Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көчөсү,553,факс:32-37-27
📧 : iwp@is
📞: (0312) 32-37-27

Түзүлгөн жылы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту КР УИА жана ТР УИА академиги Д.М.Маматкановдун демилгеси менен Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1991-жылдын 21-январындагы «Кыргызстан Республикасынын Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтун түзүү тууралу» №19 токтому менен суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу жана комплекстүү колдонуунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, өлкөнүн суу-чарба жана гидроэнергетикалык потенциалын эффективдүү өздөштүрүү максатында негизделген.
 
1992-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун №9 токтому менен Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту өзүнүн илимий-изилдөө иштерин расмий түрдө баштаган. Аталган илимий мекеменин алгачкы директору академик Д.М.Маматканов болгон, ал институттун түзүлгөн 1992-жылдан баштап 2018-жылга чейин жетектеген. 2018-жылдан 2024-жылга чейин КР УИА Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору болуп география илимдеринин доктору, профессор Д.Т.Чонтоев иштеген.

КР УИА Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №334-т тескемесине ылайык мамлекеттик маанидеги «Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо» долбоорун ишке ашырып келет.
 
Милдеттер:
- Кыргыз Республикасынын дарыяларынын бассейндеринин агымдарына климаттын өзгөрүү таасирлерин толук изилдеп чыгуу;
- дарыя-аналогдорду тандоо усулдарын колдонуу менен дарыялардын бассейндериндеги гидропостордо суунун орточо жылдык сарпталышы боюнча гидрологиялык байкоолордун калтырылган катарларын ордуна келтирүү;
- бардык куймаларды камтуу менен дарыялардын бассейндери боюнча жылдык агымды математикалык моделдин жардамы менен эсептеп чыгуу;
- дарыялардын бассейндеринин жана алардын куймаларынын изилденбеген капкактарынын гидрологиялык мүнөздөмөлөрүн эсептеп чыгуу;
- айылдык муниципалитеттердин тапшырмасы боюнча кичи гидроэлектростанциялардын капкактарын орнотуу үчүн дарыялардын келечектүү бассейндеринин гидроэнрегетикалык потенциалын эсептеп чыгуу;
- кичи жана ири гидроэлектростанциялардын курулушу үчүн керектелген келечектүү капкактардын координаттарын аныктоо;
- дарыялардын бассейндеринин жана алардын агымдарынын музга айлануу абалын баалоо;
- дарыялардын бассейндеринин жана музга айлануунун суу-энергетикалык ресурстары боюнча көрсөтмө картографиялык материалды жана маалыматтардын электрондук базасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы дарыя бассейндеринин суу ресурстарын баалоону аткаруу.

Андан сырткары, КР УИА Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда жана КР УИА СКжГЭИнун Тянь-Шань эл аралык илимий борборунда төмөндөгү багыттар боюнча академиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө:
1. Бишкек шаарын суу менен ишенимдүү камсыздоо үчүн жер астындагы сууларды топтогон Орто-Алыш суу топтогучун башкаруунун натыйжалуу схемасын иштеп чыгуу (геофильтрациялык моделдештирүүнүн негизинде).
2. Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргызстандын дарыяларынын куймаларын тактоо.
3. Тескери тыянактарга алып келген жана алардын пайда болушуна каршы аракеттенүү максаты менен коркунучтуу экзогендик гидрогеологиялык процесстердин өнүгүшүн изилдөө.
4. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймактарынын физико-географиялык процесстеринин динамикасына азыркы учурдагы климаттык жана мөңгүлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн таасирлерин изилдөө.

Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту ырааттуу негизде төмөндөгү эл аралык долбоорлорго катышып келет:
 
-GLOFCA-UNESCO «Ала-Арча улуттук паркынын пилоттук аянтчасында чыгымдары төмөн чаралардын варианттары жана Тоң-Тосор (Туура-Суу) пилоттук аянтчасы үчүн ыңгайлашуунун кошумча чараларын иштеп чыгуу жана киргизүү». Долбоор «Ала-Арча» мамлекеттик табият паркындагы коопсуз аянттарды көрсөтүү менен сел жүрүү коркунучтары тууралу алдын ала эскертүүчү белгилерди иштеп чыгууну, Ала-Арча дарыясы жайгашкан капчыгайдагы сел коркунучу тууралу автоматташтырылган системаны модернизациялоону, Туура-Суу айылындагы (Ысык-Көл облусу, Тоң району) селге каршы коргоочу дамбанын курулушу үчүн керектелген параметрлерди комплекстүү баалоону жүргүзүүнү караштырат.
 
- ГЭФ-ПРООН-ЮНЕСКО «климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу жана туруктуу өнүгүүнүн комплекстүү усулдарын иштеп чыгуу үчүн гляцио-нивалдык системаны баалоодо аймактык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү жолу менен Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуулугун бекемдөө». Долбоордун алкагында КР УИА СКжГЭИ алдындагы ТШЭАИБ чечүүчү милдеттер: кар, мөңгүлөр жана түбөлүк тоң үчүн узак мөөнөтүү стратегия жана мониторингдөө планын иштеп чыгуу, криосферанын өзгөрүшүн моделдештирүү, криосфераны мониторингдөөнүн улуттук программасын бекемдөө.
 
- Дүйнөлүк Банктын долбоору «Кыргыз Республикасында туруктуу ландшафты калыбына келтирүү» (RESILAND CA+). Бул подкомпоненттин милдети туруктуулукту камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча өлкөнүн жасап жаткан аракеттерин колдоо менен жердин деградацияланышына жана жашоосуна чаралардын кыска жана узак мөөнөттүү таасирлерин азайтуу максатында сел жана мөңгүлөрдү эффективдүү жана туруктуу мониторингдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Подкомпоненттин алкагындагы иш-чаралар ӨКМ мөңгүлөрдү мониторингдөөнүн бирдиктүү системасын жана селдерди мониторингдөөнүн комплекстүү системасын түзүүнү камтыйт.