Меню

A A
КР УИАНЫН СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

КР УИАНЫН СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

Директор: Абдрахматов Канатбек Ермекович, геология-минералогия илимдеринин доктору, КР УИАнын корр мүчөсү.
Байланыш тел: 📞: +996 (312) 52-38-26, +996 (312) 52-38-58
📧: kis@mail.kg
Дареги: 720060, Бишкек ш., А. Токомбаев көч., 7/8
🌐: http://www.seismo.kg
Түзүлгөн жылы: 1975-ж. январь айында Кыргыз ССРнин Илимдер академиясына караштуу Сейсмология бөлүмүнүн жана геология институтунун неотектоника жана терең тектоника эки лабораториясынын базасында Сейсмология институту түзүлгөн, аны г- м. и. д. Калмурзаев К.Е. жетектеген. Кызматкерлердин курамы: 166 киши, анын ичинде: илимий кызматкерлер – 27 киши, илимдин докторлору -3 киши, илимдин кандидаттары -12 киши.
Миссиясы: азыркы учурда КР УИАнын Сейсмология институту - өлкөнүн аймагындагы сейсмикалык кубулуштарды изилдөөчү жана республиканын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо проблемасы боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жетектөөчү илимий уюм. Ал биздин мамлекеттин улуттук сейсмологиялык кызматынын функцияларын аткарат, калкты жана аймактарды табигый кырсыктардан коргоого багытталган сейсмикалык курулуш боюнча ченемдик документтерди жана мыйзамдарды иштеп чыгууга катышат.
Изилдөөнүн негизги багыттары:
- сейсмикалык коркунучка баа берүү жана кондициондук сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзүү;
- Тянь-Шандын сейсмикалык режимин изилдөө жана анын региондун геодинамикалык өзгөчөлүктөрү менен байланышын аныктоо;
- сейсмикалык абалды болжолдоо жана жер титирөөлөр күтүлүүчү райондордун картасын түзүү;
- жер титирөөлөрдүн кыртыштарга жана курулмаларга тийгизген таасиринин параметрлерин сандык баалоо, курулуучу аянттарда сейсмикалык коркунучтун даражасын баалоо;
- жер титирөө кырсыктарынан келтирилген зыянды азайтуу жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
 
Институтта 5 илимий-изилдөө лабораториясы жана 2 борбор иштейт:
- "Сейсмикалык коркунучка баа берүү" лабораториясы -лаборатория башчысы г.-м. и. д, КР УИА корр мүчөсү. Абдрахматов К. Е.;
- "Региондук Сейсмология" лабораториясы -лаборатория башчысы ф. - м. и. к. Фролова А. Г.; - "Жер титирөөлөрдүн божомолу" лабораториясы -лаборатория башчысы ф- м.и. д., проф. Муралиев А. М.;
- "Инженердик Сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу" лабораториясы -лаборатория башчысы т. и. к. Камчыбеков М. П.
- "Маалыматтык технологиялар" лабораториясы -лаборатория башчысы т. и. к. Исмаилов Ж. А.
- Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору -борбордун башчысы Березина А. В.
- Комплекстүү мониторинг борбору (24 сейсмикалык, 5 гидрогеохимиялык, 2 геодинамикалык жана 5 геомагниттик станцияларды бириктирет) – борбордун башчысы Анварбеков М. А.
 
Институт тарабынан 11 илимдин доктору даярдалды, алардын ичинен - 5и КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү болуп шайланды жана 36 илимдин кандидаты; 72 илимий иштеп чыгуулар эл чарбасына киргизилди, 50 патент жана күбөлүк алынды; « Жер титирөөгө чейин, жер титирөөгө учурунда жана андан кийин эмне кылуу керек?» деген темада калк жана мектеп окуучулары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде эскертме баракчалар чыгарылып, таратылды.", 2013-ж., КР Улуттук китеп палатасында "КР УИАнын Сейсмология институтунун жарчысы" электрондук журналы (интернет-журнал) катталган, ал КР УИАнын Сейсмология институтунун расмий сайтына жайгаштырылган www.seismo.kg).