Меню

A A

1. Толук аты-жөнү

Касымбеков Рыскул Асангулович

2. Иштеген жери (Толук аталышы)

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын

Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту, «Инновациялык агрардык техника жана технологиялар» лабораториясы

3. Уюмдун дареги

720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 23

4. Билими

Жогорку. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн (1989-1994). Адистиги – айыл чарбасын механикалаштыруу. Квалификациясы – инженер-механик.

5. Илимий даражасы, наамы

Техника илимдеринин кандидаты, доцент, улук илимий кызматкер

6. Кесиптик тажрыйбасы (жыл саны)

31 жыл

7. Илимий ишмердүүлүк багыты

Айыл чарбасы үчүн технологиялардын жана техникалык каражаттардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу.

8. Эксперт катары иш тажрыйбасы (эгер болсо, жыл саны)

ЮСАИДдин ACDI/VOCA долбоорунда техникалык адис (Аткарган жумушу: Грант менен алынган ар кандай багыттагы жабдуулардын техникалык абалын аныктоо) (2 жылга чукул иштеген).

9. Жарыяланган эмгектердин тизмеси (2020-2025-ж)

1. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба техникаларын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу (2020).

2. Бакча өсүмдүктөрүн сепкичке алгачкы талаптарды иштеп чыгуу (2020).

3. Бакча өсүмдүктөрүн сепкичтин конструктордук-технологиялык параметрлерин негиздөө (2020).

4. Бедени себүүдө үрөндүн сарпталышын азайтууну шарттоочу техникалык каражаттарды талдоо (2020).

5. Тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн сепкич (2021).

6. Чакан чарбалар жана короодогу жерлер үчүн арналган энергия сарамжалдуу күнөскана (2021).

7. Бакча өсүмдүктөрүн себүү үчүн себүүчү аппараттын конструкциясын иштеп чыгуу (2021).

8. Кыргызстандагы технопарктарды өнүктүрүү концепциясы (2021).

9. Энергиянын кайра калыптануучу булактарынын жардамы аркасында мөмө дарактарын үшүктөн сактоонун ыкмасы (Скопус, англис тилинде) (2021).

10. Тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн насос-чыпка орнотмосу (2021).

11. Агрардык технологиялык парктын концептуалдык модели (2021).

12. Койлорду эктомителерге каршы дарылоонун операциялык технологиясы (2021).

13. Бакча өсүмдүктөрүн сепкичтин маркеринин узундугун эсептөө (2022).

14. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн тондоонун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү (2022).

15. Үрөндөрдү тондоонун технологиялык процессинин модели (2022).

16. Тондоо процессиндеги үрөндүн сырткы катмарынын калыптанышына таасир берүүчү факторлор (2022).

17. Өз материалдарын (кык) анаэробдук кайра иштетүү жолу аркылуу мал сарайларында микроклиматты кармап туруу (Скопус, англис тилинде) (2022).

18. Үрөндөрдү себүү алдындагы даярдоо ыкмасын жана айкалыштырылган себүү техникасын иштеп чыгуу

(Скопус, англис тилинде) (2023).

19. Бакча өсүмдүктөрүн сепкичти талаа шартында сыноонун натыйжасы (2023).

20. Үрөн тондогучтун негизги параметрлерин негиздөө (2023).

21. Жалпак матрицалуу жем грануляторунун констуктордук-технологиялык схемасын иштеп чыгуу (2023).

22. Органикалык жер семирткичтердин бүртүкчөлөрүнүн божомолдуу санын жана талкалап, майдалагычтын манжасынын узундугун аныктоо. (2024).

10. Байланыш маалыматтары: телефон номери, e-mail

Телефон: +996 550 724 297;

+996 505 724 297

E-mail: ryskulkas@mail.ru