Меню
КӨҢҮЛ АЙТУУ
Белгилүү манастаануучу Кыдырбаева Раиса Заитовна 96 жаш курагында дүйнө салды.
Кыдырбаева Раиса Заитовна (1930-ж. туулган) – «Манас» изилдөөчү, филология илиминин доктору (1984 ж.), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1989 ж.). Кыргыз Республиксынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер.
1952-ж. КМУнун филология факультетин (орус бөлүмүн), 1956 ж. А. М.Горький атындагы дүйнө адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн.
1956-1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкер, 1960-1986-жылдары улук илимий кызматкер болуп иштеген.
1986-жылдан 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө бөлүм башчы, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер болуп эмгектенип келген.
Фольклортаануучу «Манас» эпосунун салттуулук жана жекелик маселелери" аттуу монографиясында «Манастын» поэтикасын чыгарманын жеке сюжеттик курамынан эмес, кеңири мейкиндик алкагынан терең мезгилдик ѳлчѳмдѳн караган: «Южная, Сибирь, Алтай, Северная Монголия – арена непосредственных контактов различных генеалогичских преданий, легенд, раннего эпоса тюрко-монгольских народов». Демек, эпостун поэтикалык генезиси фольклор деп аталган эл чыгармачылыгынын кѳп тарамдуу, ошол эле учурда синкреттүү казынасында уюп жатканын түшүнгѳн иликтѳѳчү байыркы түрк тилин изилдеп жүргѳн ири лингвист-этимологдордун эмгектеринен тартып, тиешелүү археологиялык, этнографиялык, тарыхый, диний, философиялык, мифтик изилдѳѳлѳрдү ырым-жырым, ритуал, каада-салт, баштапкы ишеним туурасында жазылган типтүү булактарды кылдаттык менен ѳздѳштүрүп, аларды «Манастагы» мерчемдүү мотивдерге салыштырууда таң каларлык таамай тѳп келүүлѳрдү таап чыккан.
"Манас" эпосунун генезиси" аттуу эмгегинде эпостун тарыхый да, поэтикалык да тек-жайы илимий аспектте трактовкалануу менен эпопеядагы каармандар, алар аралашкан кереметтүү окуялардын тарых менен катмарланышы, диндердин айрым синкреттешүүсү жана эволюциясы айтуучулукта поэтикалык салттуулуктун сакталыш күчү жана өзүнчөлүктүн өзгөчөлүктөрү сыяктуу манастаануунун омоктуу ой-толгоолору ортого салынат. Мындан башка "Саринжи Бөкөй" эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү", "Жаңыл Мырза" эпосунун поэтикалык традициялары", "Манасчынын айтуучулук чеберчилиги", "Манас" эпосунун варианттары", " Мезгилдер, муундар жана манасчы" ж.б. бир катар илимий монографияларды, изилдөөлөрдү жарыкка чыгарган.
М. Убукеевдин 1988-жылы чыккан "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси болгон.
Фольклористика илиминин теориясы боюнча илимий мектебин түзүп, бир катар илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган.
Раиса Заитовнанын жасаган эмгектери жана элеси түбөлүк эсибизде калат. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, КР УИАнын мүчө-корреспонденти К.Абдрахматов;
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Ч.Арабаев;
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентинин башкы илимий катчысы, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Б.Худайбергенова;
КР УИАнын академиги А.Жунушов;
КР УИАнын академиги А. Акматалиев;
КР УИАнын академиги О.Ибраимов;
КР УИАнын академиги А.Эркебаев;
КР УИАнын академиги Ш.Жоробекова;
КР УИАнын академиги С.Мусаев;
КР УИАнын академиги А.Асанканов;
КР УИАнын академиги М.Джуматаев;
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Н.Жээнбаев;
Философия илимдеринин доктору Н.Саралаев